«Акыркы жолу 9 жашында көрүшкөн». АКШда 90 жаштагы эгиздер 81 жылдан кийин жолугушту

АКШда 90 жаштагы эгиздер Маурилия Чавес менен Андреа Лопес 81 жылдан кийин кайра жолугушту. Бул тууралуу Metro жазды.

Аялдардын айтымында, кыздар беш жашында ата-энеси каза болгондугуна байланыштуу ар башка үй-бүлөгө жөнөтүлгөн. Эже-сиңдилер бири-бирин акыркы жолу 9 жашында көрүшкөн. Алар ДНК-тесттин жардамы менен туугандыгын аныкташкан. Лас-Вегаста жашаган Лопес жыйынтыгын алган соң, бир тууганын көрүү үчүн үчүн Денверге учакка билет сатып алган. 

«Мен дүйнөдөгү эң бактылуу адаммын, анткени бир тууганымды кайра көрөм деп ойлогон эмесмин. Мен эң сонун үй-бүлөм бар болсо да, жалгыз болчумун, мага бир тууганым керек болчу», — деди Чавес.