Акыркы үмүтү экенин айткан. АКШда чочконун жүрөгү салынган адам каза болду

58 жаштагы Лоуренс Фосетт чочконун жүрөгүн салуу операциясынан алты жумадай убакыт өткөн соң кийин каза болду. Бул дүйнөдө мындай операция жасалган экинчи адам экенин АКШнын Мэриленд университетинин медициналык борборунан билдиришти.

«Фосетт операциядан кийин олуттуу ийгиликтерге жетишти: физикалык терапия менен алектенип, үй-бүлөсү менен убакыт өткөрдү жана жубайы Энн менен карта ойноду. Акыркы күндөрү анын жүрөгүндө баш тартуунун алгачкы белгилери байкала баштады. Дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, Фосетт 30-октябрда каза болду», — деп айтылат медициналык борбордун билдирүүсүндө.

Ага 20-сентябрда генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочко жүрөгүн алмаштыруу операциясы жасалган. Операция Мэриленд университетинин медициналык борборунда жасалып, операциядан кийин 58 жаштагы АКШнын аскер-деңиз флотунун ардагери трансплантацияланган жүрөк эч кандай тышкы аппараттын жардамысыз кадимкидей иштеп баштаган. «Акыркы үмүтүм чочконун жүрөгү болду. Жок дегенде ушул мүмкүнчүлүк бар», — деген ал операция алдында

Буга чейинки мындай операция ушул эле медициналык борбордо 2022-жылы жасалган. Дарыгерлердин айтымында, оорулуу 57 жаштагы Дэвид Беннетт эки айдан кийин бир нече факторлордон, анын ичинде ден соолугунун начардыгынан көз жумган.