«Акыркы үмүтүм ушул болду». АКШда чочконун жүрөгү адамга салынды

Америкалык дарыгерлер генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун жүрөгүн адамга салуу боюнча экинчи операцияны ийгиликтүү жасашты. Мурунку бейтап мындай трансплантация менен эки ай жашаган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Операция Мэриленд университетинин медициналык борборунда жасалып, операциядан кийин 58 жаштагы АКШнын аскер-деңиз флотунун ардагери Лоуренс Фосеттке трансплантацияланган жүрөк эч кандай тышкы аппараттын жардамысыз кадимкидей иштеп жатат.

«Акыркы үмүтүм чочконун жүрөгү болду. Жок дегенде ушул мүмкүнчүлүк бар», — деди ал операция алдында. Трансплантациядан кийин адамдын денеси донордук органды четке какпоо үчүн атайын дарыларды жана антителолорду кабыл алат.

Буга чейинки мындай операция ушул эле медициналык борбордо 2022-жылы жасалган. Дарыгерлердин айтымында, оорулуу 57 жаштагы Дэвид Беннетт эки айдан кийин бир нече факторлордон, анын ичинде ден соолугунун начардыгынан көз жумган.