Албаниялык Дрита Зири «Жер сулуусу» аталды

Албаниялык Дрита Зири «Жер сулуусу» эл аралык сулуулук сынагынын жеңүүчүсү болду.

Сынакта жалпысынан Жер, Аба, От жана Суу элементтерин чагылдырган 4 жеңүүчү аныкталды. Эң ардактуу наам – “Жер сулуусу” болду.

«Аба айымын» филиппиндик Ильяна Адуана, «От айымы» наамын таиланддык Кора Блиалулт жана «Суу айымы» наамын вьетнамдык До Ти Лан Ан жеңип алышты.