Жердин жашоочулары 437 жылда бир учуучу куйруктуу жылдызды көрө алышат

12-сентябрдан 17-сентябрга чейин Жердин түндүк жарым шарынын жашоочуларына 437 жылда бир учуучу Нишимура куйруктуу жылдызын көрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Бул тууралуу The Guardian басылмасы билдирди.

Нишимура кометасы 17-сентябрда Күнгө эң жакын жерден өтүп, аралыгы 33 миллион чакырым алыстыкты түзөт. Андан кийин ал Жердин жанынан 125 миллион чакырым аралыкта өтөт.

Окумуштуулардын айтымында, куйруктуу жылдыздын жерге жакындоосу жана анын жарыктанышы жылдыздар арасында сейрек кездешүүчү кубулуш болуп эсептелинет. Аба ырайы туруктуу болсо, күн чыга элек убакта жашыл куйруктуу жылдызды көрүүгө болот.

Нишимура жылдызы илимий түрдө C/2023 P1 деп аталат. Ал аны ачкан жапон астроному Хидео Нишимуранын урматына аталган.