Кечээ, 8-сентябрда белгилүү теле алып баруучу, Орусиянын эмгек сиңирген ишмери Александр Масляков каза болду. Орус ЖМКлары анын өпкө рагынан каза болгонун жазышты.
Маалыматтарга караганда, ал акыркы жарым жылда араң сүйлөп, араң дем алып калган. Апрель айында Масляковдун өпкөсүндөгү шишикке операция жасаганга болбой турганына байланыштуу дарылоо жүрүп жатканы маалымдалган. Белгиленгендей, теле алып баруучунун ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр ал 2022-жылы коронавирус менен ооругандан кийин башталган.
Масляков 1964-жылдан бери КВНди алып барып келген. Ал 83 жашта болчу.