Алексей Навальный ачкачылыкты токтотту

Орусиялык абактагы оппозиционер Алексей Навальный ачкачылыкты токтотконун жарыялады. Бул тууралуу саясатчынын социалдык тармактагы баракчасындагы билдирүүдө айтылат.

“Кечээ дарыгерлер мени ачкачылык акциясын токтотууга чакырып билдирүү таратышты. Ачыгын айтсам, алардын “бир аз убакыттан соң дарылоочу бейтаптын өзү жок болушу мүмкүн” деген сөзү көңүл бурууга арзыйт деп эсептейм”, — деп жазылган билдирүүдө.

Акыркы күндөрү эки жолу дарыгерлер Навальныйдын саламаттыгын текшерип, анализдердин жыйынтыгы менен тааныштырган. Анда саясатчы ачкачылыкты токтотпосо, өмүрүнө коркунуч жаралары айтылган.

Владимир облусунун Покров шаарындагы №2 түзөтүү абагында отурган Алексей Навальный 31-мартта ачкачылык жарыялаган. Аны караган дарыгерлер Навальныйдын саламаттыгы начарлап кеткенин, тез арада кийлигишүү болбосо, анын өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан.

Орус оппозициясынын лидери саналган Алексей Навальный быйыл январда камакка алынган. Ага 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген айып тагылып, 2,5 жылга эркинен ажыратылган.