Алексей Навальныйдын жубайы кайрылуу жасады (видео)

Юлия Навальная Мюнхен коопсуздук конференциясында билдирүү жасап, күйөөсү Алексей Навальныйдын өлүмү тууралуу кабарга комментарий берди. 

Навальныйдын жубайы саясатчынын өлүмүн тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Ал күйөөсүнүн каза болгондугу тууралуу кабарга ишенер-ишенбестигин билбей турганын билдирди.

Орусиялык абактагы оппозиционер Алексей Навальныйдын кечээ, 16-февралда каза болгону маалымдалды. Маалыматтарга караганда, ал Ямало-Ненецк автономиялуу округундагы № 3 түзөтүү колониясында каза болгон. «Сейилдөөдөн кийин өзүн начар сезип,  дароо эсин жоготту», — деп айтылат маалыматта. 

Саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш 14-февралда Навальный абакта отурган учурда 27-жолу жаза камерасына киргизилгенин билдирген. Алексей Навальный 47 жашта болчу.