Түркмөнстандын ханайымынын сүрөтү алгачкы жолу эл көзүнө жарыяланды

27-ноябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын ортосунда сүйлөшүүлөр өткөн. Бул тууралуу түркиялык Sondakika маалымат агенттиги жазып чыкты.

Режеп Тайип Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен Түркмөнстанга Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) мамлекет башчыларынын саммитине барган. Сапарды чагылдырган түрк басылмалары Эрдоган менен Бердымухамедовдун бирге түшкөн сүрөттөрүн жарыялашты. Бул Түркмөнстандын биринчи айымы Огулгерек Бердымухамедованын биринчи расмий сүрөтү.

Түркмөн маалымат каражаттары Бердымухамедованын сүрөттөрүн жарыялай элек. Телерепортажда банкет тартылып жатканда Бердымухамедовдун жубайы кадрга кирген, бирок оператор ага көңүл бурган эмес. Гурбангулы Бердымухамедов балдарынын жана неберелеринин курчоосунда сыналгыдан көп көрсөтүлөт, бирок жубайы дайыма буга чейин көшөгө артында калып келген.