Алла Пугачева кайрадан Орусиядан чыгып кетти

Ырчы Алла Пугачева Орусиядан чыгып кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал балдары менен Израилге Москванын Внуково аэропортунан учуп кеткен.

«Ырчынын өлкөгө качан келери белгисиз»,- деп билдирет «Известия» булагы. Басылманын маалыматына караганда, Пугачевада кайра кайтуу билетин алган эмес. 

Ырчы Алла Пугачева чет жерде узак убакыт жүрүп, Орусияга өткөн айда кайтып келген. Ал жолдошу Максим Галкин жана балдары менен Украинада атайын операция башталгандан кийин Орусиядан чыгып кеткен болчу. Соцтармакка тарап кеткен видеого ылайык, ырчы өлкөгө иштерин тартипке келтирүү үчүн келген.