Алла Пугачева Орусияга кайтты

Ырчы Алла Пугачева чет жерде узак убакыт жүрүп, Орусияга кайтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Ал жолдошу Максим Галкин жана балдары менен Украинада атайын операция башталгандан кийин Орусиядан чыгып кеткен болчу. Соцтармакка тарап кеткен видеого ылайык, ырчы өлкөгө иштерин тартипке келтирүү үчүн келген.