«Алмашууга макул болчумун». Путин Навальныйдын өлүмү боюнча үн катты

Орусиянын президенти Владимир Путин 18-марттагы маалымат жыйынында каза болгон саясатчы Алексей Навальный тууралуу үн катты.

«Навальный мырзага келсек. Ооба, ал көз жумду. Бизде түрмөдө адамдар каза болгон учурлар болгон, бирок бул Америка Кошмо Штаттарында болгон жокпу? Бул бир эмес, бир нече жолу болгон», — деди президент.

«Навальныйдын кетишине бир нече күн калганда айрым кесиптештерим — администрациянын кызматкерлери эмес, кээ бир адамдар — Навальный мырзаны Батыш өлкөлөрүндө түрмөдө отурган айрым адамдарга алмаштыруу идеясы бар экенин айтышты. Мага ишенишиңер же ишенбешиңер мүмкүн. Мени менен сүйлөшкөн адам сөзүн бүтө электе эле «макул» дедим. «Аны алмашалы, ошол жерде отурсун, бул жакка келбесин» дегенбиз. Бирок болору болду», — деди ал.

Мамлекет башчысы журналисттер менен сүйлөшкөндөн кийин президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путиндин Алексей Навальный менен алмашууга макулдук берүүсү анын ачыктыгын көрсөтүп жатканын билдирди. Дмитрий Песковдун айтымында, саясатчынын жубайы Юлия Навальная Орусияга келип, күйөөсүн көрүүгө мүмкүнчүлүк алган, бирок ал чет өлкөдө калууну туура көргөн.