Алматы шаарында Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынды

Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин коронавирустук инфекциянын алдын алуу чараларын күчөтүү боюнча жаңы жарлыкка кол койду. Документ бир катар объектилердин ишин чектейт, театрлардын, кинотеатрлардын иштешине жана Нооруз майрамында майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салат. Бул тууралуу «Власть» агенттиги жазып чыкты.

Жарлыкка ылайык, Нооруз майрамында массалык майрамдарды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынса, аймактар жана шаар аралык регулярдуу эмес (туристтик) транспорттук каттамдарды, ошондой эле аба каттамдардын саны азайтылат.

Театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар ишин токтотот. Мектепке чейинки мекемелерде балдардын саны 25тен 15ке чейин кыскартылат. Сулуулук салондор, чач тарачтар эрте кезекке жазылуу менен иштейт. Супермаркет, гипермаркеттер саат 06:00дөн 02:00гө чейин гана иштеши керек болот. Ачык базарлар жекшемби күнү иштебейт.

Калк үчүн турак жай кызматын көрсөтүүчү мейманканалар, санаторий, эс алуу борборлору, туристтик борборлор 80 пайыздан ашпаган орундуктарга жайгаштырылышы керек. Жарандардын 80 пайызы аралыктан иштөөгө өтүшү керек.

Бул жарлык 13-мартта күчүнө кирет.