Алматыда 13 адам каза болгон хостелден аман чыккан жаран окуя тууралуу айтып берди

30-ноябрда Алматыдагы хостелдердин биринде өрт чыгып, кесепетинен 13 адам каза болгон. Хостелде чыккан өрттөн аман калган адам андагы жашоо шарттары тууралуу айтып берди. Tengrinews.kz сайтынын кабарчысы эки жума бою «Алматы» хостелинде жашаган Рустам Бүркүтбаев менен маектешти.

Таң эрте өрт чыкканда жигит өз убагында имараттан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Рустам эмне болуп жатканын видеого да тартып алган. Анын айтымында, бөлмөлөрдө розетка болгон эмес. Телефондорду кубаттоо үчүн коридордогу розеткадан ага дагы бир нече узартуучу зымдар кошулуп, бөлмөлөргө тараган.

Хостелде мурда жашаган адамдын айтымында, бөлмөлөргө электр чайнектер жана электр казандары коюлган. Ашканада тамак жасоо үчүн электр меши бар болчу, бирок тамак-ашты көбү буйрутма менен жешчү. Ал хостелдин коридорунан 2 адам батпай тургандай тар экенин билдирген.

Мындай шартта жашаганы үчүн алар айына 25 миң теңге төлөшчү. Азыр Рустам башка жатаканага жайгаштырылды, ал жана башка жабырлануучулар бардык керектүү нерселер менен камсыз болушту.