22-декабрдын кечинде Казакстанда автобус аялдаманын жанында турган топ адамдарды жана 4 унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен үч адам каза болуп, төртөө жаракат алган. Чыр-чатактын жүрүшүндө автобустун жүргүнчүсү айдоочу аялды чаап жиберген. Айдоочу эсин жоготуп, автобусту башкара албай калган. Жаңжал акчанын туура эмес эсептелишинен улам чыкканы айтылууда.
Автобустун айдоочусун чаап жиберген адам кармалды. Ага бейбаштык жана эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келген транспортту коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бузуу беренелери менен кылмыш иши козголду. Бул үчүн ал эң көп дегенде 8 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Социалдык тармактарга айдоочуну муштап жиберген жүргүнчүнүн видеосу тараган.
Казак ЖМКлары айдоочуну чаап жиберген жаран соттун чечими менен 2 айга камакка алынганын жазышты. Ошондой эле кырсыктын күбөлөрү айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосундагы чыр эмнеден чыкканын айтып беришкен. «Айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосунда жаңжал чыкты. Айдоочу «төлө» деди. Бирок жүргүнчү макул болбой койду. Анан бул киши айдоочуну сөгүп, коркута баштады. Аны бир жолу чаап жиберди. Экинчи жолу чапканда эсин жоготту. Бир жигит кол салган адамды кармады. Ал эми экинчиси тормозду басып автобусту токтоткон», — деди окуянын күбөсү Жеңиш Тайбек.
Жаңжалга аралашкандардын бири — Элдос Сабитов. Ал жүргүнчүнү кармап алып, андан соң автобусту токтотууга аракет кылган. Жабырлануучу ал учурда эс-учун жоготкон абалда болгон. «Досум менен отурганбыз. Ал киши жол кирени төлөгөн жок. Анан анын айдоочу аялды сабап баштаганын көрдүк. Мен кол салган адамды эсине келтирип, чаап жибердим. Аны досум кармады. Ошол учурда аял эбак эле эсин жоготуп койгон. Мен автобусту токтотууга аракет кылдым. Карасам аялдын буту газда экен. Мен эңкейип тормозду бастым. Элдин баары кулап түштү», — деп түшүндүрдү ал.