Алматыда 3 адамдын өмүрүн алган автобус кырсыгы. Жүргүнчүдөн сокку жеген айдоочу аял жазаланабы?

Автобустун айдоочусу адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы боюнча козголгон кылмыш иштеринде жабырлануучу катары суралган. Бул тууралуу Алматы полициясы билдирди.

«Кылмыш иштери боюнча жабырлануучу катары автобустун айдоочусу жабырлануучу катары суралган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу процессуалдык чечим чыгарылат», — дешти укук коргоо кызматкерлери.

Маалыматка караганда, кырсык боюнча 3 берене менен кылмыш иши козголгон: Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 4-бөлүгү “транспорт каражаттарын башкарган адамдардын жол кыймылынын же транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу, байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү”, 351-беренесинин 3-бөлүгү “транспорттун коопсуздук эрежелерин бузуу жана 293 1-бөлүк “бейбаштык”.

22-декабрдын кечинде Казакстанда автобус аялдаманын жанында турган топ адамдарды жана 4 унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен үч адам каза болуп, төртөө жаракат алган. Чыр-чатактын жүрүшүндө автобустун жүргүнчүсү айдоочу аялды чаап жиберген. Айдоочу эсин жоготуп, автобусту башкара албай калган. Жаңжал акчанын туура эмес эсептелишинен улам чыкканы айтылууда.

Автобустун айдоочусун чаап жиберген адам кармалган. Ага бейбаштык жана эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келген транспортту коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бузуу беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бул үчүн ал эң көп дегенде 8 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Социалдык тармактарга айдоочуну муштап жиберген жүргүнчүнүн видеосу тараган.