Алматыда 300дөн ашык кыз порнотасмаларга тартылып жүргөн. Уюштуруучу кармалды

Алматыда порнография тараткан трансулуттук кылмыштуу топтун уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

«Алматы ШИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери порнографиялык материалдарды таратуу боюнча трансулуттук кылмыштуу топту уюштуруп, ири моделдик агенттикке жамынып алып, 300дөн ашык кыз иштеткен жаран кармалды», — деп билдирди милиция.