Алматыда ата-эне ымыркайын 2 миллион теңгеге сатууга аракет кылышкан

Алматыда жаңы төрөлгөн ымыркайды ата-энеси 2 миллион теңгеге (386 миң сомдун тегереги) сатууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазышты. 

Жубайлар Алматыда кармалган. Бир нече саат мурун аял төрөт үйүнөн чыгарылып, ал жерден жубайлар дароо келишимге барышкан. Жубайлар төрөлө турган бала үчүн алдын ала ата-энелерди издеп жатышкан. Жубайлардын эки баласы бар экени аныкталды. Алар кылмышты толугу менен мойнуна алышкан.