Алматыда балдарын терезеден ыргыткан өрт кырсыгы. Түркиянын жараны 3 баланы аман алып калган

Кечээ, 1-августта Алматыдагы 16 кабаттуу турак жай комплексинде өрт чыгып, 6-кабаттын жашоочулары терезесинен балдарды жердеги килемчелерге ыргытып жаткан видео тараган

Казакстандын ӨКМи өрт 5-кабаттан чыкканын билдирген. Алар 18:46да өрттү чектөөгө алышкан.

Дал ошол кырсыкта Түркиянын жараны 16-кабаттагы 3 баланы сактап калган. Сивас шаарынан келген түрк жараны Шүкүр Гүнай Алматыдагы курулушта электрик болуп иштейт. Өрт башталганда, ал башкалардай эле адамдарды куткарууга шашылган. Ал 16-кабаттан аялды жана үч баланы көргөн. «Аларга дем жетпей бара жатты. Болжолдуу эки айлык бала бар болчу. Мен ал жерге кран жетпей турганын билгем. Анан тепкичке чыктык. Бирок тепкич менен куткаруу кооптуу болду. Трос менен чыгып, аман-эсен түшүрдүк. Досторума рахмат. Мен ким болсо да жардам бермекмин, анткени менин 2 кызым бар»,- деди ал.