Алматыда жер титирөө учурунда зоопарктагы жаныбарлардын реакциясы кандай болгон? (видео)

Алматы зоопаркы 23-январга караган түнү болгон жер титирөөдө жаныбарлардын өзүн кандай алып жүргөнүн көрсөттү.

Зоопарктын өкүлдөрү окуя болгонго бир күн калганда эч кандай башаламандык байкалбаганын айтышты. Бирок жер титирөөдөн кийин зоопарктын атмосферасы өзгөргөн.

«Зоопаркта түнкүсүн ветеринар менен кароолчуну эсепке албаганда, дээрлик эч ким болбойт. Жер титирөөдөн кийин карышкырлар улуп, канаттуулар катуу кыйкырышты. Эртең менен коркконунан кучакташып алган маймылдарды көрдүк», — дешти.