Алматыда жылаңач самокат тээп жүргөндөр адамдардын видеосу тарады (видео)

Казакстандын Алматы шаарында жылаңач самокат тээп жүргөн адамдардын видеосу коомчулукка тарады.

Видеону тарткан автор «Бул адамдар жылаңач самокат тээп жүрүшөт. Уят, намыс деген жок экен. Буларга айып салынат деп үмүттөнөм«, — деп нааразычылыгын жазган.

Аталган окуя боюнча Алматы шаарынын полиция департаментинин расмий өкүлү Салтанат Азирбек видеодогу адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын жана аларга мыйзамга ылайык чара көрүлөрүн билдирген.