Алматыда кайрадан бет кап режими киргизилди

Казакстанда COVID-19 инфекциясынын көбөйүшүн эске алуу менен Алматыда бет кап режими жана башка эпидемияга каршы иш-чаралар кайрадан күчүнө кирди. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыкты. 

Шаарда төмөнкүдөй чектөөлөр бар:

— бейтап менен жакын байланышта болгон адамдарды жумуштан аралыктан иштөөгө которуу;

— эмдөөгө каршы көрсөткүчтөрү бар кызматкерлерди жана кош бойлуу аялдарды аралыктан иштөөгө которуу;

— жабык мекемелерде, коомдук транспортто беткап кийүү;

— 10дон ашык адам катышкан жолугушууларды онлайн форматка өткөрүү сунушталат.

Кечээ, 11-июлда Алматы коронавирус боюнча “кызыл” зонага жакын экени кабарланган. Бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясынын 200 учуру аныкталды.