20-апрелде Алматыда каржылык пирамиданы уюштурууга шектелип кармалган белгилүү казак актёру, вайнер, блогер Мейржан Туребаевдин жубайы блогер Дана Есеева өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылуу жасады.
Анын айтымында, жолдошу «Mudarabah Capital» каржылык пирамидасынын жарнамасына актёр катары тартылган. Ал да эл катары алданып, пирамидага акча салган. Акыркы кезде блогерге бирөөлөр келип, «сага да пирамиданы уюштурууга катыштыгы бар деп кылмыш иши ачылат» дешкенин айтат. Муну менен ал тергөөчүлөр тарабынан ага, жолдошуна кысым көрсөтүлүп жатканын билдирген.
Былтыр октябрда «Mudarabah Capital» компаниясынын жетекчиси каржылык пирамида уюштурду деп кармалган. Дагы катыштыгы бар 14 киши аныкталып, экөөнө эл аралык издөө жарыяланган. Апрелдин аягында пирамидага 20 миллион тенге берген жабырлануучу акчасын кайтара албай эл алдында өзүнө өрт коюп, окуя ого бетер курчуган.










