Алматыда өспүрүмдөр жана кош бойлуу аялдар коронавируска каршы эмдөөдөн өтө башташты

Алматыда «Pfizer» вакцинасы менен 12 жаштан жогорку өспүрүмдөрдү, ошондой эле кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды COVID-19га каршы эмдөөнү баштады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Алардын маалыматына караганда, COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө колледждин студенттери жана кош бойлуу аялдар чакырылган. 10-ноябрда Казакстанга пландаштырылган 4 миллион дозанын алгачкы 379 миңи жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, биринчи кезекте бул вакцина кош бойлуу аялдарга, бала эмизген аялдарга, ошондой эле өспүрүмдөргө ата-энелеринин макулдугу менен сайылат.