Алматыда отун менен жүргөн дагы бир унаа аныкталып, кармалды (видео)

«Алматыда дагы бир отун менен жүргөн унаа кармалды», — деп билдирет Tengrinews.kz.

Айдоочу салонуна меш жасап, эки жагына газ баллондорун коюп койгон. Милиция айдоочунун аты-жөнүн тактап, административдик иш козгоо үчүн материалдарды чогулткан. Унаа атайын айып пул төлөөчү жайга коюлган. 

«Мындай унааларды айдоо биринчи кезекте анын ээсине, жүргүнчүлөргө жана башка жол кыймылынын катышуучуларына коркунуч туудурары анык», — дейт Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын жергиликтүү милиция бөлүмүнүн башчысы Ержан Узабаев.