Алматыда пенсионерлердин үй-бүлөсү өлтүрүлүп, үйү менен кошо өрттөлдү

Алматыда үйдөн чыккан өрттү өчүрүү учурунда эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазды.

 Каза болгондор улгайган жубайлар экени белгилүү болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, эркек киши үйдөгү өрткө чейин каза болгон. Аялынын өлүмүнүн себеби азырынча айтыла элек.

«Адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка чыр-чатак жана кастык мамиле себеп болгон. Башка жагдайлар такталууда», — деп билдирди Алматы полициясы.