Алматыда полиция кызматкерлери 14 жаштагы кызды зордуктаган. ИИМ башчысы үн катты

Алматыда полиция кызматкерлери 14 жаштагы кызды зордуктаган. Маалыматты журналисттерге Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов тастыктады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

«Алматыда эки полициянын капитаны 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктаган делүүдө. Бул фактыны тастыктай аласызбы? Эгер бул чын болсо, шектүүлөр кармалдыбы?» – деп сурашты журналисттер ИИМ башчысынан. 

«Тилекке каршы, бул факты орун алды. Бүгүнкү күндөгү мурдагы кызматкерлер кылмышка барышкан. Тез арада дисциплинардык комиссия түзүлүп, бул адамдар кызматынан бошотулган. Кылмыш ишинин алкагында алар да камакка алынды», — деп жооп берди министр.

Министр кошумчалагандай, учурда тергөө иштери уланууда. Анын айтымында, кылмыш жасалган учурда алар кызматта болушкан. Шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе, Кылмыш-жаза кодексинин 120-беренесинин 2-бөлүгү “Зордуктоо” боюнча 9 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.