Алматыда телефон менен катуу сүйлөшүп бара жаткан аялды чаап жиберген жаран кармалды

Алматы полиция департаменти автобустун жүргүнчүсүн чаап жиберген 66 жаштагы киши кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

«Жүргүнчү аялдын катуу сүйлөгөнүнө нааразы болуп, анын денесине залал келтирген кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин Алматыдагы автобуста телефон менен катуу сүйлөшүп бара жаткан аялга нааразы болгон жаран аны чаап жиберген видео тараган. Маалыматка караганда, эркек киши аялга эскертип, катуу сүйлөшүп жатканына нааразы болгон. Андан соң, чаап жиберген. Полиция жаран изделип жатканын билдирген.