Алматыда турак үйдө атышуу болуп, ок чыгарган адам 17-кабаттан боюн таштап жиберди

Кечээ, 24-апрелде Алматы шаарында турак үйдө атышуу болуп, ок чыгарган адам 17-кабаттан боюн таштап жиберди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ЖМКлары жазышты.

«Бухар Жырау Тауэрс» турак үйүндө эркек киши менен кароолчу чырлашып кетип, биринчиси экинчи адамга карай бутуна мылтыктан ок чыгарган. Кийин батирине кирип жашырынып алган. Мындан улам, аталган турак үйдө атайын операция жүрүп, башка жашоочулар эвакуацияланган. Шектүү менен 6 сааттай сүйлөшүү жүргүзүшкөн, бул аралыкта ал тепкич жакты көздөй 30 жолу ок чыгарган. Полиция кызматкерлери жабыркаган эмес. Көп өтпөй, сынган айнектин үнү угулуп, андан ары терезеден шектүү боюн таштап жиберген. Ал каза болду.