Алматыда үйдөн чыккан өрттөн улам терезеден секирген бир жашоочу каза тапты

Алматыдагы «Аккент» турак жай комплексинде чыккан өрттөн бир аял каза болгонун Tengrinews.kz Саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

Аял көптөгөн жаракаттардан улам каза болгон. Жалпысынан 43 адам жаракат алган.

Ал эми окуянын күбөсү аялдын жерге секиргенде катуу тийип калганын айтат. Анын айтымында, килемче жардам берген эмес. Күбө катуу соккудан улам килем кармап турган адамдардын тырмактары сынып кеткенин айтат.