Алматы аэропортунун терминалында эркек киши жубайы менен урушуп кетип, өзүнө өрт койгон. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
«Бул жосунга эркек киши менен граждандык аялынын ортосундагы жеке чыр-чатак себеп болгону аныкталды. Окуянын бардык жагдайлары сотко чейинки тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат», — деп айтылат маалыматта.
Жаран ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча кылмыш ишин козголгону айтылды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, окуянын бардык себептери жана жагдайлары такталууда.











