Алматыдагы аэропортто жаран өзүнө өрт койду. Эмне себеп болгон? (видео)

Алматы аэропортунун терминалында эркек киши жубайы менен урушуп кетип, өзүнө өрт койгон. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

«Бул жосунга эркек киши менен граждандык аялынын ортосундагы жеке чыр-чатак себеп болгону аныкталды. Окуянын бардык жагдайлары сотко чейинки тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат», — деп айтылат маалыматта.

Жаран ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча кылмыш ишин козголгону айтылды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, окуянын бардык себептери жана жагдайлары такталууда.