Алматыдагы аэропортто кызды барымтага алган киши 11 жылга эркинен ажыратылды

Ушул жылдын 7-мартында Алматы шаарындагы аэропортто белгисиз жаран андан паспорт сураган кызматкер кызды барымтага алган видео тараган. Көп өтпөй кыздын ордуна өзүн барымтага алууну өтүнүп, полиция кызматкерлерине кылмышкерди кармашкан жарандын да видеосу чыккан.

Алматынын Түрксиб райондук соту 67 жаштагы Машрапбек Баратовду он жарым жылга эркинен ажыратты, деп билдирет Tengrinews.kz.

Шектүү Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды: “Барымтага алуу”, “Курал колдонуу менен бейбаштык кылуу” жана “Террордук акт тууралуу жалган билдирүү”. Сот ошондой эле 2023-жылдагы жазасын белгиленген мөөнөткө кошуу чечимин кабыл алды. Ошентип, ал жалпы 11 жылга эркинен ажыратылды.