Алматыдагы өрт чыккан үйдө 3 баланы сактап калган жаран сыйланды

Түркиянын Алматыдагы башкы консулдугу «Аккент» турак жай комплексинде чыккан өрттөн аялды жана үч баланы куткарып калган түрк жаранына ыраазычылык билдирди, деп билдирет Tengrinews.kz.

«Адамдык баалуулуктар менен түрк-казак боордоштугуна кошкон салымы үчүн Шүкүр Гүнай аттуу жараныбызга жана башка жарандарга ыраазычылык билдиребиз. Алар Алматыдагы өрттөн бир эне менен үч баланы сактап калышты», — деп айтылат билдирүүдө.

1-августта Алматыдагы 16 кабаттуу турак жай комплексинде өрт чыгып, 6-кабаттын жашоочулары терезесинен балдарды жердеги килемчелерге ыргытып жаткан видео тараганДал ошол кырсыкта Түркиянын жараны 16-кабаттагы 3 баланы сактап калган. Сивас шаарынан келген түрк жараны Шүкүр Гүнай Алматыдагы курулушта электрик болуп иштейт. Өрт башталганда, ал башкалардай эле адамдарды куткарууга шашылган. Ал 16-кабаттан аялды жана үч баланы көргөн. «Аларга дем жетпей бара жатты. Болжолдуу эки айлык бала бар болчу. Мен ал жерге кран жетпей турганын билгем. Анан тепкичке чыктык. Бирок тепкич менен куткаруу кооптуу болду. Трос менен чыгып, аман-эсен түшүрдүк. Досторума рахмат. Мен ким болсо да жардам бермекмин, анткени менин 2 кызым бар»,- деген ал