Алтайда 50дөн ашуун жылкыны атып кетишти. Өч алуу версиясы каралууда

Алтай крайында 53 жылкыны атып өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, 9-январда жылкыларын атып кеткенин айткан Николай Дроков аттуу фермер полицияга кайрылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмышка бейбаштык же өч алуу себеп болушу ыктымал. Айыл тургундары бир канча жолу фермерге жайыт боюнча нааразычылыгын айтып келишкени аныкталды. Жабырлануучу жергиликтүү жашоочулардын эч бири менен чырдашпаганын билдирген. «Аптасына 2-3 жолу барып текшерип турчумун. Анан жылкыларды атып кетишиптир деп чалып калышты. Барып карасам, жылкыларды атайын бурчка айдап такашып, ар биринин жүрөгүнө эки жолудан атышканын көрдүм. Бул адам жырткыч болсо керек, мындайды керек болсо фашисттер да кылган эмес», — деген жылкылардын ээси.

Фермерге келтирилген зыян 5 миллион рублга бааланууда.