Алтайда тик учак кулап, 6 киши каза болду

Алтай Республикасында Ми-8 тик учагынын кыйрашы алты адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

«Ми-8 тик учагы туристтердин тобун ташып бара жаткан. Конуу учурунда зымдарга илинип калып, Тунгур айылына жакын жерде кулап түшкөн. Алты адам каза болду», — деп билдирди ӨКМ.

Дагы жети адам күйүк алган. Алар ооруканага жаткырылды.