Аляскада F35 согуш учагы кыйрап түштү

Аляскадагы «Эйельсон» америкалык аскер базасында F35 согуш учагы кыйрап түштү. Бирок учкуч жабыркаган жок. Видеодо ал парашют менен түшүп келатканда учактын сууга түшүп жарылганын көрүүгө болот.

Авиабазанын сайтында окуя 28-январда саат 12:49да (жергиликтүү убакыт боюнча) болгондугу айтылат.

АКШ аба күчтөрүнүн ондогон F-35A биргелешкен сокку уруучу учактары «Эйельсон» аба күчтөрүнүн базасында жайгашканы белгилүү.