Аляскада полиция мергенчини аюудан куткарам деп атып алган

Аляскада полиция мергенчини аюудан куткарам деп атып алган. Бул тууралуу Tengri Travel басылмасы билдирди.

Independent басылмасынын маалыматына караганда, штаттын 32 жаштагы тургуну мергенчилер тобу менен Купер-Лэндингге жакын жердеги ашууга аңчылыкка чыккан. Ал жерде эркектерге күрөң аюу кол салган. Окуя болгон жерге барган полиция жаныбарды ок атып качырууну ойлогон. Бирок ок мергенчиге тийген.

«Ал аюунун кол салышынан да жаракат алган. Ошондой эле ок тийген»,- дешкен дарыгерлер. Жабырлануучу азыр ооруканада, бир нече убакыт дарыланат.