Алып баруучу Николай Дроздов оор абалдабы? Орусиялык басылмалардын маалыматы

Легендарлуу алып баруучу жана жаныбарлар дүйнөсүнүн эксперти Николай Дроздов рак оорусуна чалдыкты. «Ал ооруканада оор абалда», — деп жазат SHOT Телеграм каналы өз булагына таянуу менен.

Акыркы убакта 86 жаштагы алып баруучунун абалы начарлап кеткен. Москвадагы клиникада текшерүү учурунда залалдуу шишик табылган. Дарыгерлер химиотерапия курсун өткөрүүнү сунушташкан.

Көп өтпөй, алып баруучунун досу жана ырчы Дмитрий Дунаев ТАСС басылмасына Николай Дроздовдун абалы жакшы экенин, анда эч кандай онкологиялык оору жоктугун билдирди. «Ал жубайы менен үйүндө. Буга чейин кичине сыркоологон, бирок азыр абалы жакшы болуп бара жатат», — деген Дмитрий Дунаев.