Америкада 33 жаштагы «баатыр эненин» 12 баласы бар

АКШлык 33 жаштагы Бритни Черч учурда 12 баланын энеси. Жаш «баатыр эненин» жашоосу тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

АКШнын Канзас штатында жашаган Бритни Черч аттуу «баатыр эне» алгачкы перзентин 2004-жылы 16 жашында төрөгөн. Андан кийин 3 жыл эле тыным алганы болбосо, Бритни удаа балдарды төрөп келген. Учурда балдарынын улуусу 17 жашта, кичүүсү 11 айлык.

Бритни 6 баласын жалгыз бой тарбиялап өстүрүп, учурдагы жолдошу менен жумушунда таанышкан. Кийин экөө баш кошуп, дагы 6 балалуу болушкан. Бритни үчүн чачылган үй, жуулбаган идиштер кадимки көрүнүш. Ал ар бир баласынын бакытта, сүйүүдө өсүүсүнө маани берет.

Көп балалуу үй-бүлөгө күнүнө сүткө эле 200 доллар керектелери айтылат. Эми калганын элестетип көргүлө… Учурда чоң үй-бүлөнү багыш үчүн түгөйлөр күн-түн дебей иштеп келишет.