Америкада 50 жыл түрмөдө жаткан жаран акталып чыкты (видео)

Американын Оклахома штатынын соту киши өлтүрүү боюнча айыпталып, дээрлик 50 жыл абакта жаткан адамды актады. Бул тууралуу NBC News телеканалы маалымдады.

71 жаштагы Глинн Симмонс өкүм чыккандан бери 48 жыл 1 ай 18 күн түрмөдө өткөрдү. Телеканалдын маалыматы боюнча, бул иш АКШдагы эң узак абак жазасы.

19-декабрда адам күнөөсүз деп табылган. Ал 2023-жылдын июлунда прокурорлор иш боюнча негизги далилдер анын адвокаттарына берилбегенине макул болгондон кийин бошотулган. 

Америкалык жаран 1974-жылы Эдмонддогу ичимдик саткан дүкөндө Кэролин Сью Роджерстин өлтүрүлүшү үчүн соттолгон. Шектүү киши өлтүрүү учурунда Луизианада болгонун айтып, өзүнүн күнөөсүз экенин ырастаган. Симмонс жана дагы бир айыпталуучу Дон Робертс адегенде өлүм жазасына кесилген, бирок 1977-жылы өлүм жазасы өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырылган. Робертс 2008-жылы шарттуу түрдө бошотулган.