Америкада мурунку президент Дональд Трамтын 39 кабаттуу казиносу жана мейманканасы жардырылды (видео)

Нью-Жерси штатындагы Атлантик-Сити шаарында АКШнын мурунку президенти Дональд Трампка таандык 39 кабаттуу казино жана «Trump Plaza» мейманканасы жардырылды. Жарылуунун видеосу жергиликтүү nj.com порталынын Youtube каналына жарыяланды.

Белгилүү имараттын бузулушун көрүү үчүн шаардын көптөгөн тургундары келишкени баса белгиленди.

Портал мекеме 1984-жылы май айында ачылып, шаардагы онунчу казино болуп калганын, бирок ал 2014-жылы жабылгандыгын белгилейт. Мекеменин жабылышына байланыштуу миңдеген адамдар жумушсуз калышкан.

Казино 2016-жылы ишин токтоткондон кийин, ага ээлик кылуу «Trump Entertainment Resorts» компаниясынан «Icahn Enterprises» компаниясына өткөн.

Атлантика шаарынын мэри Марти Смолл өзүнүн администрациясына 2020-жылы эле урап баштаган имаратты бузуу тапшырмасын бергени кабарланууда.