Америкада ок атылып, 5 адам каза тапты

АКШнын Сиэтл шаарында беш киши, анын ичинде үч өспүрүм атып өлтүрүлүп, дагы бирөө жарадар болгон. Киши өлтүрүүгө шектелип өспүрүм кармалганын Associated Press жазды.

«911» кызматына чалуулар таңкы саат 5те түшө баштаган. Имаратта каза болгондор жана жабыркаган жаран табылып, ооруканага жаткырылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ок атууну үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири жасаган, бирок анын себеби азырынча аныктала элек. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.