Американын борбордук штаттарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел каптады. Окуянын кесепетинен кеминде 16 адам каза болгонун ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, каза болгондордун ичинен 10 адам Теннесси штатында жашашкан. Жакынкы күндөрү айрым аймактарда дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Кыйратуучу бороон-чапкындар Арканзас, Миссисипи жана башка штаттарда да катталган.