Америкадагы бороондон каза тапкандардын саны 200 адамдан ашты

АКШнын Жоржия жана Түндүк Каролина штаттарынын бийлиги «Хелен» бороонунан каза болгондордун саны боюнча соңку маалыматты жарыялады.

Каза болгондордун жалпы саны 200дөн ашканын Associated Press жазды. «Хелен» 2005-жылы Кошмо Штаттарды каптаган «Катринадан» берки эң көп адам өмүрүн алган бороон болду. Жүздөгөн адамдар дагы эле дайынсыз болууда. 750 миңден ашуун үй дагы деле электр жарыгысыз отурат жана көптөгөн жолдор жабык бойдон. Жабыркаган аймактарга жардам жөнөтүлбөй жатат.

«Хелен» бороону Мексика булуңунда пайда болгон. 26-сентябрда АКШга жеткен, шамалдын ылдамдыгы саатына 255 чакырымга жеткен. Каза болгондордун жарымы Түндүк Каролинада, көбүнчө суу ташкынынан каза болушкан. Moody’s Analytics бороон-чапкындын келтирген зыянын болжол менен 34 миллиард доллар деп эсептеди.