Акыркы учурларда Америкадагы жана Австралиядагы фермерлер бодо малды өтүн алуу үчүн союп башташты. Анткени ал 5800 долларга чейин бааланат. Бул алтындан эки эсе кымбат. Мындай маалыматтарды The wall street journal жазды.
Бодо малдын өтү Кытай медицинасында кеңири колдонулат. Элдик дарыгерлер аларды инсульт, гипертония, семирүү жана башка ооруларды дарылоодо колдонушат. Өттөгү таштарга болгон суроо-талаптын өсүшү дүйнөнүн алдыңкы уй өндүрүүчү аймактарында: Техас, Австралия жана Бразилияда бул байлыктарга глобалдык аңчылыкты жаратты.
Жаныбарлардын активисттери Кытай медицинасына каршы чыгышууда. Бразилияда өт баштыктарын сатуу мыйзамдуу. Ал үчүн кылмыштуулук да күчөп жатат. Сан-Жуан-да-Боа-Виста деген жерде куралчан каракчылар фермага кирип барышкан. Уурулар ферма ээлерин жана алардын 6 жаштагы небересин байлап, андан кийин 50 000 долларга жакын өт таштарын алып кетишкен.