2001-жылдын 11-сентябрында террордук кол салуудан улам талкаланган эгиз мунаралардын кыйрашына 22 жыл болду. Бул ири террордук кол салуу 2977 адамдын, 19 террорчунун өмүрүн алган. Каза болгон кишилердин саны боюнча бул каргашалуу окуя эң чоң теракт катары тарыхта калган.
Бүгүн, 11-сентябрда Нью-Йоркто террордук кол салуудан жабыркаган жарандар эскерилет. Теракт болгон Манхэттен аралынын борборунда эгиз мунаралар кыйраган жерге асман тиреген имарат курулуп, учурда туристтер эң көп келген жайга айланган. Кол салуулардан кийин көптөгөн америкалыктар Нью-Йоркко барууну мекенчилдик катары карай башташкан. Ал жерге жакындарынан айрылган жарандар жыл сайын эскерүү үчүн келишет.
«Мемориалдык музей»
Кол салуудан кийин бул жер мемориалдык музейге айланган. Күнүнө орто эсеп менен 9 миң киши зыярат кылган музейге 170 өлкөдөн зыяратчылар келет. Музейдин жанында жер астындагы мүрзө бар, ага каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана соттук-медициналык кызматкерлер гана кире алышат.
Америкадагы эң бийик имарат
Каргашалуу окуядан кийин ал жерге асман тиреген дүйнөдөгү эң бийик жетинчи имарат 2014-жылы ачылган. Имарат 65 миң чарчы метрге жакын аянтка курулган. Бийиктитиги 541,3 метр. Имараттын 102-кабатында Нью-Йорк шаарын жогорудан көргүсү келген коноктор үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөн.