Америкалык аял эмчек сүтүн кайрымдуулук кылып, Гиннесстин рекорддор китебине кирди

Элизабет Андерсон-Сьерра 2015-жылдын февраль айынан бери 1599,68 литр эмчек сүтүн берген. Дал ушундай жетишкендиги үчүн америкалык аял Гиннесстин рекорддор китебине кирген. 

Мынчалык көп сүт бере алган эки баланын энесинин сыры гиперактивация синдромунда жатат. Элизабеттин денесинде пролактин гормону ашыкча болгондуктан, анын организми адаттагыдан көп сүт иштеп чыгарат. Бул ага ыңгайсыздык жаратпайт, бирок ал пролактиндин өндүрүшүн азайтып, гиперлактация синдромун калтыра турган медициналык кийлигишүүнү каалайт.