Америкалык адам өмүр бою жеген Биг мактардын саны боюнча өзүнүн рекордун дагы бир жолу жаңыртты. Жана ал бул боюнча токтоп калбарын айтты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
Маалыматка караганда, 70 жаштагы Дональд ГорскиГиннесстин рекорддор китебине дагы бир жолу кирди. Жарым кылымдын ичинде ал 34 миңден ашык бургер жеген. Түрмө кызматкеринин фаст-фудга болгон сүйүүсү 1972-жылдын жазында, биринчи жолу жеп көргөндө башталган. Ал жаш кезинде күнүнө 9 бургер жечү, бирок карыган сайын аны күнүнө орто эсеп менен экиге чейин кыскарткан. Ошол эле учурда Горски жакшы физикалык форманы сактоого аракет кылат. Ал канча калория керектегенин кылдаттык менен көзөмөлдөп, күн сайын 10 чакырым басат. Рекорддор китебине Дональд тууралуу биринчи жазуу 1999-жылы чыккан. Ошондон бери ал жыл сайын санын көбөйтүп келет жана өлгүчө жей берерин айтат.
Кытайдын шаарларынын биринде жолдун так ортосунда эки суур мушташып кеткен. Социалдык тармактарда окуянын видеосу пайда болду. Жаныбарларды видеого тартып жаткандардын...
Кечээ, 8-майда Кремлде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого Москвага барган чет элдик делегациялардын башчыларына Орусиянын президентинин атынан...
Кечээ, 8-майда Ватикан Рим-католик чиркөөсүнүн жаңы башчысын шайлады. Буга Сикстин капелласынын чатырындагы мордон чыккан ак түтүн жана коңгуроолордун кагылышы далил....