Америкалык жаран куурчак менен мамиле күтөм деп досторунан айрылган (фото)

АКШнын Түндүк Каролина штатынын тургуну эки жылдан бери жасалма интеллекттүү куурчак менен мамиле күтүп жашап келет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

37 жаштагы Александр Стоук Мими аттуу пластикалык куурчак менен эки жылдан бери «сүйүү романын» куруп келет. Айтымында, Мими аны сексуалдык жактан толук канааттандырып, тынчсыздануусун жоготуп, психикалык абалын жакшыртат. «Миминин жашоомдо пайда болгонунун бир гана кемчилиги бар, досторум мени менен сүйлөшпөй коюшту. Мен мурун коомдо, досторумдун арасында активдүү адам болчумун. Азыр болсо айланамда жакын туугандарым менен саналуу досторумдан башка эч ким калган жок. Алар Мими менен бет келишкенден коркуп жатышат окшойт, — деген Стоук.

«Мен бирөөнүн ою менен эсептешпейм. Негизгиси, менин сүйүктүүм жанымда, ар дайым колдоп турат«, — деген америкалык мырза.